Орозо жөнүндө кызыктуу 10 факт
2019.05.11, 22:20
4787
- Орозо ислам календарынын 9-айына туура келет. Мусулмандардын календары 12 айдан турат. Алардын ичинен эң ыйык болуп Орозо айы эсептелинет.
- Дүйнө жүзүндөгү мусулмандардын орозо кармоо убактысы кескин айырмаланат. Мисалы Австралияда жашаган мусулмандар 9 саат гана кармашат. Ал эми Швеция жана Исландияда тургандардын оозу 20 саатка чейин бек болот.
- Рамазан – деген сөз араб тилинде “күндүн ысыгы”, “ысык”, “күйгүзүүчү” деп которулат.
- Орозо айы мусулмандардын календарына ылайык башталгандыктан жыл сайын 10-11 күнгө алдыга жылып турат.
- Орозо айында жыл ичиндеги эң ыйык түн – Кадыр түн бар. Ушул түнү Курандын алгачкы аяттары түшкөн деп эсептелинет.
- Орозо айында атайын намаз – таравих намазы окулат.
- 2016-жылдагы орозо эң оор жана узак болгон. Кыргызстан мусулмандарынын оозу 18 саатка бек болуп, бул күндөр жылдын эң ысык учуруна туш келген. Ал эми кийинки 16-17 жылдын ичинде орозонун узактыгы улам кыскарып отурат.
- Экономисттердин эсептөөсүнө ылайык орозо айы экономикага өз таасирин тийгизет. Эгер ооздун бек болуп турган убактысы 1 саатка кыскарса, өлкө ичиндеги экономикалык өсүүнүн темпи 0,6-0,9%га көтөрүлөт экен.
- 828 метрлик Бурдж-Халифа асман тиреген имаратынын тургундары Дубай шаарынын башка жашоочуларына караганда күндү бир канча убакыт көбүрөөк көрүшөт. Буга байланыштуу Араб Эмираттыгынын ислам иштери боюнча департаменти атайын фатва чыгарган. Ага ылайык, 150-кабаттан жогору жашагандар үчүн ооз ачуу убактысы бекитилген убакыттан 3 мүнөткө кеч.
- Айрым өлкөлөрдө орозону кармабай коюу мыйзам бузгандык болуп саналат. Атайы орозо кармабагандар айып-пул төлөп, коомдук иштерди аткаруу жазасына тартылат.
Маалымат islam-today сайтынан алынды.
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.