// //

Тили чыга элек баланы кантип түшүнсө болот? Наристенин ыйлаганынын 6 түрү

2019.04.30, 13:43
4849

Жаңы төрөлгөн ымыркай 4 айга толгончо өзүнүн сезимин жана каалоолорун ый аркылуу гана билдире алат. Бирок баланын курсагы ачып ыйлаганын же бир жери ооруп ыйлаганынан кантип айырмаласа болот? Бул тууралуу Bilesinbi.kg даярдаган материалдан окуңуз.

  • Чакырып ыйлоо. Наристе көпкө жалгыз жаткандан тажап же коркуп, аны кайра колго алуусун талап кылып ыйлайт. Мындайда ал 5-6 секундга чейин кыйкырып, анан тынчып калат. Азыр келип мени алат, деп күткөнсүп. Эгер ата-энеси эч кандай раекция жасабаса, кайра кайталайт. Ошнетип отуруп, улам кийинки ыйы күчөй берип, эч ким албай койсо тынбай ыйлай баштайт.
  • Курсагы ачып ыйлоо. Мындай ый алгач чакырып ыйлагандай башталат. Бирок дароо эч ким албаса, ачууланып, эмчек издегендей ары-бери башын чайкап, эмип жаткандай үн чыгарат. Муштумдарын түйүп алат. Энеси колуна алып, эмизип баштаганда, нааразы болуп, сүйлөнүп жаткандай үн чыгарат.
  • Бир жери ооруп ыйлоо. 3 айга чейин көпчүлүк наристелердин ичи көбөт (колики). Мында бала чаңырып ыйлап, кежигеси тартып, буттары менен теминип, оорусу күчөгөн сайын ыйы катуулайт. Бирок бала ооруп калса, анын ыйлаганы монотондуу, акырын болушу да мүмкүн. Мындайда бала алсыз болуп тургандыктан катуу ыйлаганга күчү жетпей калат.
  • Уйкусу келип ыйлоо. Бала кыңкыстап, көзүн ушалап, улам эстеп (оозун ачып) ыйлайт.
  • Физиологиялык процесс учурунда ыйлоо. Чоңдорго кадимки көрүнүшкө айланган процесстер наристе үчүн жагымсыз сезимдерди жаратат. Мисалы желдин чыгышы, заара кылганы жана заң чыгарганы.
  • Ыңгайсыздыктан ыйлоо. Мындайда ыйлаганы ызырынып, тынчы кетип ыйлайт. Туйлап, бир орунда жата албайт. Баланын шымы суу, же кийими ыңгайсыз болгондо, ысып же үшүп жатканда ушинтип ыйлашы мүмкүн.

Маалымат adme.ru сайтынан алынды.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт