Лизингге тиешелүү шайманыбызды алалбай жатабыз. Адис жооп берет
Саламатсызбы! Биз ААК "Айыл Банктан" лизингге "пресс подборщик" алалы деп сурандык. 2 ай болду, айткан документтерин баарын бердик, 30% акчасын менен 11 миң сом камсыздандыруусун төктүк. Эми болсо, буйрутма берген шайманыбызды жок деп жатышат. Бизди эки ай күттүрбөй, жок болсо буйрутма албай эле койбойбу. Документ топтогонго да акча сарптаганбыз. Эми эмне болот?
Марат Касмалиев
ААК "Айыл Банктын" лизинг башкармалыгынын бүтүмдөрдү колдоо бөлүмүнүн башчысы
Саламатсызбы! Объективдүү себептерге байланыштуу банктын өнөктөшү тарабынан сиз тандаган шайманды алып келүүгө мүмкүнчүлүк болгон жок. Азыркы учурда башка техника камсыздоочу мекемелер менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатат. Эгер ушундай шайман чыкса же башка моделдеги шайманды жактырсаңыз, банк сиздин өтүнмөңүздү биринчи кезекте аткарып берээрин билдирет.