Адамдардын бул 20 түрүнөн качыңыз
2018.08.17, 15:31
3133
Бул адамдардан оолак болуңуз. Аларга убакытыңызды, энергияңызды, ал-күчүңүздү эч качан коротпоңуз. Бир күнү акылына келет деп дагы күтпөңүз. Себеби, “ийри бутак түзөлбөйт” деген жакшы кеп бар.
- Ортоңордогу мамилени өркүндөтүүгө салым кошпогон адамдар.
- Табачыл, кекчил жана ачуулуу адамдар.
- Биринчи орунга өздөрүн койгон, каалаган учурда достуктан баш тартып кетүүгө даяр адамдар.
- Башкалардын пикирине сабыры жок адамдар.
- Консервативдүү жана өзгөрүүлөрдөн корккон адамдар.
- Сизди жакшыга түртүп, шыктандыра албаган адамдар.
- Сылыктыкты билбеген, оозуна карап сүйлөй албаган адамдар.
- Өзүнүн көйгөйүнө аралаштырып, тарта берген адамдар.
- Логикасынын ордуна эмоциясын колдонгон адамдар.
- Сизге олуттуу карабаган, барктай албаган адамдар.
- Энергияңызды алып, сизди өз кызыкчылыгы үчүн колдонгон адамдар.
- Чымындан пил жасаган майдачыл адамдар.
- Өзүнө болгон ишенимди арттыруу үчүн сизди кемсинткен адамдар.
- Сизди колдобогон адамдар.
- Уга албаган адамдар.
- Сезимдериңизди олуттуу кабыл албаган адамдар.
- Сизди капа кылып жатканын билбеген же болбосо билип туруп капа кылган адамдар.
- Каалаганыңыздай жашап жатканыңызды көрө албай, сизди күнөлүү кылгысы келген адамдар.
- Жашооңузда каалаганда пайда болуп, каалаганда кетип калган адамдар.
- Башкаларга көз каранды адамдар.
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.