Аялым менен бир позада жата берип тажап кеттим. Сексолог кеңеш берет
Сексуалдык жашооңузду жандантып, жаңы позаларды колдонуп көрүүнү каалап жатсаңыз, сексолог жана психотерапевт Илья Комаровердин кеңешине кулак салыңыз.
Саламатсызбы! Менде бир суроо бар эле. Үйлөнгөнүмө аз эле болду. Төшөк маселесинде көйгөй жок, болгону дайыма эле бир ыкмада кошула бергенден тажайт экенсиң. Эмне кылсам болот?
Илья Комаровер, сексолог
Жаңы баш кошкон жубайлар үчүн өзгөчө бир позалардын кереги жок. Себеби, адамдын денеси инстиктивдүү түрдө өзүнө ылайыктуу болгон бир ыкманы тандап алат.
Убакыттын өтүшү менен аял астында, эркек үстүндө болгон стандартуу позалардан тажап, жубайлар жаңы варианттарды издей баштайт. Кайдан тапсак болот дегендер, интернетке кирип “камасутра” деп жазса чыгат.
Студент кезибизде профессорубуздан, “кайсы позалар эффективдүү, кайсылары анча эмес?”-деп сурасак, “эгерде эки тарап макул болсо, төшөктө каалаган нерсени жасоого уруксат берилет”,-деп жооп берген. Андыктан, өзүңөргө жаккан поза тандап, ырахат алып жашай бергиле.
Эсиңерде болсун, жыныстык катнаш биринчиден кумар алуу, экинчиден тукум улоо үчүн керек.