Кыздыктан кан чыкпай калышы мүмкүнбү?
2019.03.14, 11:22
2008
Саламатсызбы! Жигитим менен кошулсам кан чыккан жок. Акушер досторуман күзгүдөн карса көрүнөт деп уккам. Карасам жарым ай сымал эт турат. Ошол кыздыкпы же кыздык эмеспи?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
14.03.2019, 11:23
Гүлзина Мадраимова
Гинеколог
Кымбаттуум, сиздин кыздык белги жөнүндө түшүнүгүңүз жок экен. Биринчиден кыздык белги баарында эле боло бербейт. Статистикага таянсак ар бир бешинчи же ар бир үчүнчү кыздын бирөөсүндө кан чыкпайт. Себеби ар бир кыздыкы бири-биринен айырмаланып, тегерек, сүйрү, катталган роза сымал формасында болуп өзгөчөлөнүп турат.
Ойлонуп, капаланып стресс болуунун кажети жок. Ар кимдин айтканына ишене бербей, жигитиңиз менен биргеликте же өзүңүз гинекологго келип консультация алып кетиңиз.
0
Пайдалуу жооп