// //

Жалал-Абадда кичинекей кыздар уурдалып жатыптыр деген чынбы?

2019.03.13, 16:13
1141

Саламатсызбы. Bilesinbi.kg сайтына рахмат, кызыктуу маалыматтарды окуп, бир топ суроолорубузга жооп алып келебиз. Мен Жалал-Абад облусунун, Ноокен районунан болом. Акыркы күндөрү вотсаптагы группаларга билдирүүлөр, кийин видеолор келе баштады, кичинекей кыздар уурдалып жатат деген. Турмуш шартка байланыштуу Москвада эмгектенем. Айылда ата-энем менен калган бала-чакага сарысанаа болуп жатам. Ушул чынбы, билип бериңизчи?

Жеңиш Ашырбаев

Ош облусунун Ички иштер башкармалыгынын прес-катчысы

Биз бул видео боюнча маалыматты тактадык. Биздин бөлүмгө 2-3-класста окуган 3 кыздын ата-энесинен арыз түшкөн. Кичинекей кыздар аларды ак машине айдаган эркек киши үйүнө жеткирип коем, деп салып кетиптир, бир жерге барып токтогондо кыздар качып келишиптир деген билдирүүлөр келип түшкөн. ИИБнин кызматкерлери иштин чоо-жайын териштиргенде эч кандай ак машине болгон эмес, кичинекей кыздар, оюнга алаксып, кеч калып калышканы, үйдөгү уруштан коркуп, ушинтип айтууну чечишкени белгилүү болду.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт