// //

Осул (стоматит) - белгилери, себептери, дарылоо

2019.03.11, 16:27
17935

Осул – бул ооздун ичине чыккан жара. Бул дарт менен көбүнчө кичинекей балдар жабыркайт. Бирок оозу оосул болгон чоңдор да аз эмес. Осулдун белгилерин, себебин жана дарылоо жөнүндө ЛОР дарыгер Надира Амантаева Bilesinbi.kg’ге айтып берди.

Осулдун белгилери:

  • Өңү ак же саргылт болот;
  • Тилиң менен тийгизип көргөндо оюлуп калгандай сезим калтырат;
  • Тамак ичкенде ооруганы күйчөйт (ошондуктан тамак ичүү кыйынга турат, эмчектеги балдар сүт эмүүдөн баш тартат);
  • Шилекей көп бөлүнүп, жута албайсың (кичинекей балдардын шилекейи тынбай агып калат);
  • Өтүшүп кеткен учурда ооздон сасык жыт чыгат.

Эмне себептен осул чыгат?

  • Тилин, ээгин же жаактын ички тарабын тиштеп алгандан;
  • Иммунитет алсыз же түшүп кеткен учурда (этек кири келип жатканда, кош бойлуу учурунда);
  • Стресс болгондо;
  • Тукум кууйт;
  • Осул болуп ооруган кишиден жугат (анын идиши менен колдонгондо, чоңдор кичинекей балдарга тамак чайнап бергенде, өбүшкөндө);

Кантип дарылоо керек?

Алгач ооруган кишинин идиш аягын бөлүп алуу зарыл. Осулдун бир нече түрлөрү болот, аларды дарылоо ыкмалары бири-биринен айырмаланат: аллергияга каршы дарылоо, симптоматикалык дарылоо, анестетиктер менен даырлоо. Ошондуктан, ЛОРго сөзсүз көрүнүп, анализ тапшыруу зарыл. Анын негизинде доктур дарыларды жазып берет. Жалпы рекомендация катары жылуу сууга соода аралыштырып улам чайкап турууну, чычырканактын майын колдонууну жана метрогил дента гелди сунуштай алам. 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт