Төшүм кичинекей. Коркунучтуу эмеспи?
2019.03.08, 16:38
1521
Саламатсызбы! Мен 18 жаштамын. Төшүм аябай кичинекей. 9-10-классымда кандай болсо, ошол бойдон. Бул коркунучтуу эмеспи?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
08.03.2019, 16:44
Бактыгүл Абдраманова
Гинеколог
Саламатсызбы! Төшүңүздүн өлчөмү генден көз каранды. Апаңыздын, эжелериңиздин же тай эжелериңиздин көкүрөгү кичинедир. Салмактын да тиешеси бар, мисалы арык кыздардын төшү кичирээк болот.
Этек кириңиз туруктуу келсе эч кандай коркунучу жок. Демек, табиятыңыз ошондой. Эгерде айызыңыз туруктуу келбесе, анда гинекологго барып көрүнүңүз. Жыйынтыгы текшерүүдөн кийин билинет.
0
Пайдалуу жооп