Юридикалык билим менен бажыда иштесе болобу?
2019.03.01, 17:33
951
Саламатсызбы. Атым Айнура, 23 жаштамын. Юридикалык академияда окуйм. Мен бажы кызматында иштегим келет. Юридикалык билимим менен таможенник боло аламбы, же башка окуу жайды бүтүрүшүм керекпи?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
01.03.2019, 17:35
Жаманак Мусурканов
КРдин Мамлекеттик бажы кызматынын пресс-катчысы
Ооба, юридикалык билимиңиз менен Мамлекеттик бажы кызматына иштей аласыз. Бажы кызматына ишке орношуп жаткандарга төмөнкү талаптар коюлган:
- Кыргыз Республикасынын жараны;
- Жашы 35 жашка чейин;
- Соттолбогон болушу керек.
Керектелүүчү документтер:
- Арыз;
- Өздүгүн күбөлөндүрүүчү документ;
- Эмгек китепчеси;
- Жогорку билимин тастыктоочу диплом;
- Ден соолугу жөнүндөгү медициналык корутунду;
- Автобиография;
- Төрөлгөн, окуган жери жана мурда эмгектенип келген мекемелер тууралуу маалымат.
Азыркы тапта, Мамлекеттик бажы кызматында IT адисдигине ачык вакансия бар.
0
Пайдалуу жооп