Телефондон нике кыйса болобу? Адис жооп берет
2019.02.26, 12:43
2114
Ислам дини телефон аркылуу нике кыйууга жол бербейт. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасынын Фатва бөлүмүнүн адиси Бактияр Токтогазы уулу bilesinbi.kg’ге айтып берди.
Нике – адамдар ортосундагы эң чоң келишим. Шариятыбызга ылайык, нике учурунда кыз менен жигиттен сырткары, күбөлөр болушу шарт. Андыктан, телефон же видеочалуу аркылуу катталып жаткан нике жараксыз.
Нике жарактуу болушу үчүн негизги шарттар аткарылышы керек:
- Кыздын жана баланын макулдугу.
- Нике учурунда күбөлөрдүн болушу. Эң аз дегенде, эки же бир эркек, эки аялзаты күбө болсо болот. Күбөлөр да акыл-эси толук, балагатка жеткен болушу шарт.
- Калың маселеси эскертилиши керек.
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.