Абитуриентке. Бул кесиптерди тандасаңыз жумушсуз калбайсыз
2019.02.25, 15:12
4710
КРнын Билим берүү жана илим министрлиги орто кесиптик окуу жайларда приоритеттүү кесиптердин тизмесин бекитти. Колледжге тапшырып жатканда, бул кесиптердин бирөөсүн тандасаңыз, жумушсуз калбайсыз. Bilesinbi.kg ал кесиптер кайсылар экенин айтып берет.
Колледждердеги приоритеттүү кесиптердин тизмеси:
- Ветеринария (ветеринар фельдшер)
- Айыл чарба азыктарын өндүрүү жана кайра иштетүү технологиясы (технолог)
- Транспорттук электр жабдыктарды жана автоматиканы иштетүү (суу транспортунан башкасынын баары)
- Жыгач устундардан эмеректерди жасоо (техник)
- Унааларды оңдоо жана техникалык кызмат көрсөтүү (техник)
- Имараттарды куруу жана колдонуу (техник)
- Техник-электрик
- Кийимдерди тигүү, жасалгалоо (модельер-конструктор)
- Айыл чарбаларды электрлештирүү жана автоматташтыруу (техник-электрик)
- Санитардык-техникалык жана желдетүүчү жабдыктарды оңдоо жана колдонуу (техник)
- Техник-электромеханик
- Тоо кен иштери (техник-технолог)
- Электр станциялар, тутумдар жана түйүндөр (техник-электрик).
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.