Нурсултан Кубанов: "Тилди бат үйрөнөм деп шашпаңыздар!"
2018.08.09, 15:38
2590
BILESINBI.KG'нин түз эфиринде PERSPECTIVE тил борборунун негиздөөчүсү Нурсултан Кубанов конокто болду. Жаш бизнесмен менен Кытайдан бекер билим алуу, тил үйрөнүү методдору тууралуу баарлаштык. Маекти толугу менен төмөндөгү видеоматериалдан көрүңүздөр.
Ал эми ийгиликке жетүүнүн сырларын издеп жүрсөңүз Нурсултан Кубановдун кеңештерине кулак салыңыз:
- Урматтуу жаштар, эч качан жөн олтурбагыла!
- Мотивацияны сырттан издебегиле, ал сиздин жүрөгүңүздө.
- 30 жашка чейин бир нерсеге жетишкенге аракет кылгыла, 30 жаштан кийин кыйын болуп калат.
- Убакытыңарды туура пайдалангыла. Жөн гана социалдык тармактарда олтуруунун эч кандай пайдасы жок.
- Максатыңарды аныктап, ага жетүү үчүн өзүңөргө катуу талап койгула.
- Эч качан бирөөдөн үмүт кылбагыла!
- Колуңдан келбейт деген адамдарды укпагыла, өзүңөргө гана ишенгиле!
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.