// //

Жубайларга кеңеш. Канткенде үй-бүлө бактылуу болот?

2019.02.19, 17:55
6402

Теолог Кадыр Маликов жана психолог Тамара Воронцова бактылуу үй-бүлө болуу үчүн эркек менен аял кандай милдеттерди аткаруу керектигин bilesinbi.kg’ге айтып беришти. 

Эркектин милдети

  • Эркектин негизги милдети - акча табуу жана үй-бүлөсүн камсыздоо.
  • Жубайыңызга эч качан кол көтөрбөңүз, кыйкырбаңыз, жаман сөздөр менен урушпаңыз.
  • Эркек биринчи орунга үй-бүлөсүн коет. Таң атканча досторуңуз менен сайрандап жүрө бербеңиз.
  • Белгилүү жазуучу Эрнест Хемингуэй: “Чыныгы эркек-таттуу нан бышырганды, баланы орогонду жана мылтык атканды, тактап айтканда баарын билиши керек”, - деп жазган. Андыктан, уялып, арданып, эркек жасай турган иш эмес деп милдеттерди бөлбөңүз.
  • Аялыңыз кош бойлуу болсо, ооруп же чарчап турса ага жардам бериңиз!

Аялыңызды мактап, ыраазычылык айтып, жарашыктуу кийинтип, белектерди берип, аяп, коргоп туруңуз. Булардын баары он эселеп кайтып келет!

  • Бактылуу жана сүйүктүү аял үйдөгү күн сыяктуу, андан жылуулук жана бакыт чачырап турат. Жубайыңызга жылмаюу тартуулаңыз.
  • Үй-бүлө үчүн аял эмес эркек жооп берет экенин унутпаңыз.
  • Аял бөлөк үй-бүлөгө мүчө болуп келет. Бул оор процесс. “Башкасын ал” дегендердин сөзүнө кирбей, аны колдоңуз.
  • Аялыңыз ата-энесине конокко, курбулары менен жолугушууга, театр, тренинг же машыгуу залына баргысы келсе макул болуңуз. Эгерде тыюу салып койсоңуз, анын табияттан берилген күчтүү энергиясы нааразычылыкка айланып сизди да, үй-бүлөнү да азапка салат.
  • Ар тараптуу жана билимдүү аял балдарына жакшы тарбия берип, жумуштан кийин келсеңиз эс алуу тартуулап, дем алыш күндөрүн кызыктуу кылып уюштураарын билиңиз.

Аялдын милдети

  • Аял-үй чарбачылыгын жүргүзүп, балдарды тарбиялап, өзүн-өзү өнүктүрүп жана жакшы көргөн иши менен алек болууга тийиш.
  • Аялдын негизги сапаты-тамак жасап, кир жууй алганда эмес (муну баары бир үйрөнөт), туугандардын ар бири менен тил табышып, керектүү жерде жооп берип, өз убагында унчукпай калганында.
  • Күйөөңүз жумуштан кайтып келгенде ар дайым жакшы маанайда тосуп алыңыз.
  • Өзүңүздү карап, жыпар жыттуу болуп, жакшынакай кийинип жүрүңүз.
  • Өмүрлүк жарыңыздын туугандарын сыйлаңыз.
  • Себепсиз чыр-чатак чыгарып, мээсин жебей, колдоо көрсөтүңүз.
  • Күйөөңүздү мактап, ыраазычылык билдирип туруңуз.
  • Алдыга оозуп чыга бербей, алсыз болуңуз.

Ортодогу мамилени сактоо эки адамдан көз каранды. Сүйүү бүттү деп баарын таштап басып кетүү оңой. Мамилени дагы бапестеп багып, адамды сүйүп жар кылып алгандан кийин жоопкерчиликти аягына чейин алып кетүү керек. Ал эми ортоңузда пайда болгон көйгөйлөргө жооп таба албай жатсаңыз, www.bilesinbi.kg сайтына же WhatsApp 0704 004 608 номерине суроолоруңузду узатыңыз.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт