// //

Кантип ийгиликсиз адам болсо болот? 5 кеңеш

2018.07.12, 17:27
3216

Баарыңарга салам! Бүгүн биз, ийгиликсиз адам болууга керектүү адаттар тууралуу жазууну чечтик. Кеңештерди түз айтпай, каймана мааниде кыйытып, жумшартып жеткирүүнү туура көрдүк.

Ийгиликсиз адам болуудан мурун, сиз төмөнкүлөрдү аткарыңыз:

  1. Кыйнап мээңди иштетип эмне кыласың, кереги жок. Китептер ачууңузга тийип жатса, отко жагып, куурдак жасап жеңиз. Акылсыз болуу абдан сонун нерсе, эч ким сени сыйлабайт, кеңеш албайт, жыргап өзүң жүрө бересиң. Күнүнө 20 мүнөт окугандан көрө, жыргап паркта семичке чак. Мээни иштетпей, тишиңди иштет, аппак болуп жөн тура бербей чирисин да.
  2. Күндө изденип, аракет кылып, тоскоолдуктарга карабай кыйналып иштеп эмне кыласың. Баарына мамлекет күнөөлүү, ал иш таап бергенче биржа базарына эки саат туруп кой, жетет ошо. Карыганда эмне, карылар үйү бар, мамлекет айына 300 сомдой акча берет, Ош базарында кайыр сураганга бош орундар толтура. Сен эч кабатыр болбо, былкылдабай диванда жата бер. Сеники туура, баарына башкалар күнөөлүү.
  3. Ар кимдин жашоосуна суктанып коюп, телефон чукулуп олтура бер. Бул нерсе абдан пайдалуу. Өзүңдүн жашооңду көрсөтпө, сен суктанаарлык адам болсоң көз тийип калбайбы. Көбүрөөк көз мончок тагын, арча, адырашмандан түтөтүп тур, сыртка чыкпа, аракет кылып жаңы нерселерди издебе. Убакыт бат эле өтөт, эртең эле карып, билинбей өтүп кетесиң.
  4. Тамакты ылгабай бүт же. Ашказан чоюлчаак, баарын көтөрөт. Кайра жакшы айлана-чөйрөнү карап, жайыраак басасың. Ден-соолугуңа кам көрбөй эле кой, тиги жашоону элден биринчи көрөсүң. Бирөө ден-соолугуңду кара десе, “эртең” деп кой. Өзүң билесиң да эртеңки күн жок экенин, а тиги билбейт.
  5. Ар дайым өзүңдү башкалар менен салыштыр, эч качан өзүң жөнүндө ойлобо. Көбүрөөк даттансаң, жашооң өзү эле оңолот. Бирөөлөрдү ушакта, алардын жашоосуна кирип тур. Өзүңдүн жашооң жок да. Бирөөлөрдүн айтканын кыл, алар сенин кандай адам экениңди жакшы билишет. Сен өзүң ким экениңди кайдан билмек элең. Көңүлүңө жакпаган иштерди аткарып жүрө бер. Бул жашоого көп жолу келесиң.

Эгер сен булардын бирөөсүн жасап жаткан болсоң, анда ийгиликсиз болууга мүмкүнчүлүгүң көп.  Дагы бир жолу кайталап кетели, ийгиликсиз адам болууга булар жетиштүү.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт