Лётчиктердин айлыгы 1000 доллардан жогору
Кантип учкуч (лётчик) болсо болот, айлык акылары канча?
“Тез Джет” авиакомпаниясы
Урматтуу окурман, авиа окуу жайын бүтүргөндөн кийин учкуч 250 сааттан кем эмес учууларды жүргүзүшү керек. Андан кийин учактын белгилүү түрүндө мыкты учканды үйрөнүп, квалификациясын жогорулатат. Ошондон кийин гана учкуч расмий жумушка орношо алат.
Учкуч үчүн ден соолук негизги байлык. Себеби, айрымдар окуу жайды мыкты аяктаганы менен медициналык комиссиядан өтө албай калышат. Ошондуктан, алгач ден соолукту мыктылап, медициналык текшерүүдөн өтүп андан кийин гана окууга тапшырган туура болот.
Жергиликтүү компанияларга ишке орношсо, учкучтардын айлык акысы 1000 доллардан жогору. Кийин, маяна, учкучтун учкан сааттардын жана тажрыйбанын көптүгүнө жараша көбөйө берет.
Ийгилик каалайбыз!