"Боюңда бар экен" деп жумуштан кетирди
Жетекчим боюмда бар экенин укканда, жумуштан айдап салды. Эми эмне кылам?
Нурислам Раимжанов
Юрист
Урматтуу айым, жетекчиңиздин аракети мыйзамсыз. Кыргыз Республикасынын эмгек кодексинде кош бойлуу аялдар жөнүндө 32 жолу сөз кылынып, аларга карата бир канча жеңилдетүүлөр жазылган. Жадакалса боюнда бар айымды жумушка албай койгондор жоопкерчиликке тартылаары айтылган.
Ушул эле кодекстин 310 - беренесинде “Кош бойлуу аялдар менен эмгек келишимин бузууга уюм жоюлган учурда жана эмгек келишиминин мөөнөттөрү аяктаган учурларды кошпогондо жол берилбейт” деп көрсөтүлгөн.
Сиз жумушуңуз жайгашкан аймактагы Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын өкүлчүлүгүнө кайрылыңыз. Иш сиздин пайдаңызга чечилет деп ишенем.