Тырмагымды тиштей берем
Саламатсызбы! Кичинемден бери тырмагымды тиштей берем. Бул адатымдан кантип арылсам болот?
Владимир Манаковский
невролог
Урматтуу окурман, тырмакты тиштөө медицинада - "онихофагия" дарты деп аталат. Бул катуу кабатырланганда, стресстен, зериккенден улам пайда болот, кээде тукум кууйт.
Адамдар тырмакты атайылап эмес, билбестиктен тиштейт. Бара-бара көнүмүш адатка айланып, нерв ооруларынын бир түрүнө -обсцесивдик-компульсивдик бузулууга алып келет.
Алгач тырмакты тиштөө эмне себептен пайда болгонун аныктаңыз. Келип чыккан жолун билүү менен бул адаттан толугу менен арыла аласыз.
Эсиңизде болсун, тиштелген жерлерге инфекция кирип кетсе, коркунучтуу ооруларга жол ачылат.
Кошумча нерселерди айта кетсем, тырмагыңызга кооз маникюр жасап койсоңуз тиштегиңиз келбей калат. Дарыканаларда атайын лактар, кремдер сатылат. Алардын даамы өтө ачуу, кокустан оозго салып алсаңыз коргонуу рефлекси пайда болуп, жаман адат ташталат.
Неврологго кайрылып кеңеш алууну унутпаңыз!