// //

Турмушка чыксам безеткиден арыламбы?

2018.09.06, 11:48
1088

18 жаштамын. 11 жашымдан бери безетки чыгат. Баардык ыкмаларды колдонуп көрдүм. Тери-дарыгери, формацевт сунуштаган майларды койдум, жардамын берген жок. Азыр мурункудай чыкпайт, бирок жаагымда күйүп калгандай так бар. Алардан ак зат чыгып турат. Муну гормон алмашуудан деп жатышат. Бетимдин көркү кетип калды. Эмне кылсам болот? 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
06.09.2018, 11:58

Надира Бейшеева

Косметолог

Саламатсызбы! Безеткиден калган тактарды лазердин, пилингдин жардамы менен кетире аласыз. Менимче сизде андрогендер активдүү. Азырынча дерматолог, косметологдун сунушу менен, курамында солицил кычкылы, цинк, күкүрт жана башка активдүү заттар бар тоник, гелдерди колдонуңуз. Мага кайрылып көрүңүз. Ийгилик!  

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт