Турмушка чыксам безеткиден арыламбы?
2018.09.06, 11:48
1332
18 жаштамын. 11 жашымдан бери безетки чыгат. Баардык ыкмаларды колдонуп көрдүм. Тери-дарыгери, формацевт сунуштаган майларды койдум, жардамын берген жок. Азыр мурункудай чыкпайт, бирок жаагымда күйүп калгандай так бар. Алардан ак зат чыгып турат. Муну гормон алмашуудан деп жатышат. Бетимдин көркү кетип калды. Эмне кылсам болот?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
06.09.2018, 11:58
Надира Бейшеева
Косметолог
Саламатсызбы! Безеткиден калган тактарды лазердин, пилингдин жардамы менен кетире аласыз. Менимче сизде андрогендер активдүү. Азырынча дерматолог, косметологдун сунушу менен, курамында солицил кычкылы, цинк, күкүрт жана башка активдүү заттар бар тоник, гелдерди колдонуңуз. Мага кайрылып көрүңүз. Ийгилик!
0
Пайдалуу жооп