Сөөлдөн кантип арылам?
Карындашымдын колдоруна сөөл жайнап кетти. Кандай жолдор менен кетирсе болот? Алдын ала рахмат!
Мээрим Давлетова
Дерматолог
Урматтуу суроо берүүчү, сөөлдү ар кандай вирустар козгойт. Ал оорулуу менен жолукканда жана буюмдар аркылуу жугушу мүмкүн. Сөөлдүн пайда болушуна теринин дүүлүгүшү, жараланышы, тердеши шарт түзөт. Кадимки сөөл адатта саргыч түстө болуп, учунда калың бүдүрчөлөрү болот. Ал акырындык менен гүлдүү капуста сымалданып өсүп, колго, салааларга, бетке, дененин башка жерлерине чыгат. Кээде таманда да пайда болушу ыктымал. Алдын алуу үчүн өздүк гигиена эрежелерин сактап, бут-колду таза алып жүрүү керек. Чоочун адамдын бут кийимин, байпагын, кол кабын, тырмак алуучу аспабын, сүлгүсүн жана башка буюмдарын пайдаланууга болбойт. Үй шартындагы ыкмаларды сунуштай албайм, күйгүзүп алышыңыз мүмкүн. Дарыгерге кайрылганыңыздар оң. Ден-соолукта болуңуздар!