Мамлекет жер берди
Саламатсыздарбы! Мен мамлекет тарабынан берилген жер үлүшүн өзүмдүн атыма каттатып, кызыл китебин алайын дегем. Жер Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Ак-Суу айылында. Мен болсо Бишкек шаарындамын. Документтерди бүтүрүү үчүн айылга барышым шартпы? Бул жактан эле бүтүрсөм болбойбу?
Нурислам Раимжанов
Юрист
Урматтуу окурман, жер үлүшү сизге кайсыл аймактан берилсе ошол жерге барып документтерди бүтүрөсүз. Эгер өзүңүздүн барууга шартыңыз жок болсо, сизге көмөктөшчү адамга ишеним кат жазып бересиз. Бишкек шаарынан нотариуска кайрылып ишеним каттын түп нускасын жана паспорттун көчүрмөсүн Ак-Суу айылына салып жибересиз. Бир сөз менен айтканда жердин документтерин Бишкек шаарында туруп бүтүрө албайсыз. Ийгилик сизге!