БААУда окугум келет
Мен келечекте программист болгум келет. БААУдан кандай факультеттер бар? Жеңилдиктер болобу? БААУнун диплому менен АКШда, Европада иштей аламбы? Мага маалымат бериңиздерчи.
Борбордук Азиядагы Америка Университети (БААУ) Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардын бири. Бишкек шаарында жайгашкан. Ал Борбордук Азиядагы АКШ гуманитардык колледжинин моделиндеги алгачкы жана жалгыз окуу жай болуп саналат. Окуу планы кредит-саат системасынын негизинде америкалык үлгү боюнча иш жүргүзөт. 1993-жылы Кыргыз улуттук мамлекеттик университетинин алдында Кыргыз-Америка факультети катары уюшулган. БААУда америкатаануу, бизнес башкаруу, маданий антропология жана археология, экономика, эл аралык саясат, журналистика, укук, психология, социология, программалуу камсыздоо долбоору багыттары боюнча билим берет. Бүтүрүүчүлөрү америкалык бакалавр дипломун алышат. Бул окуу жайдагы бакалавр даражасын алган студенттер магистратурага тапшырууга укуктуу. Профессордук-окутуучулук курамында АКШ, Улуу Британия жана башка чет өлкөлөрдөн келген жана кыргызстандык окутуучулар эмгектенишет. 1065 студент билим алат (2005), анын ичинде кыргызстандык студенттердин саны 830 (78%), башка мамлекеттен келгендер 235 (22%). Окуу жайы мультимедиалык лабораториялык, компьютер, видео жана аудиосистемалары, китепкана фонду, гезит, илимий журналдар менен жетиштүү жабдылган. Окутуу орус жана англис тилдеринде жүргүзүлөт.