Тууганым мага "кара дуба" окутуптур
Жакын туугандарым мени көрө алышпайт. Башкалардын айтымында кара дуба окутуп, жолумду жаптырып салышыптыр. Кайсы жерге барбайын ишим жүрүшпөй, акча табыш өтө кыйын болуп калды. Эмне кылсам болот? Көзү ачыктарга баргым келбейт. Күчтүү молдолорго барышым керекпи?
Улан Усупов
Теолог
Окурман, кечиримдүү болуп туугандарыңызга бир гана жакшылык каалаңыз. "Таш менен урганды, аш менен ур" деген жашооңуздун негизгипринциптеринен болсун. Пайгамбарыбыз: "Туугандарыңар менен болгон байланышты бекемдегиле, Жараткан өмүрүңөргө берекесин берет", - деп бизге осуят кылган. "Кара дуба окутуп жолумду жаптырып салышыптыр", - дейсиз. Бул маселени терең билген кесипкөй адиске кайрылып дем салдырып, кеп-кеңеш алыңыз. Көзү ачыктарга кайрылбаңыз. Динибизде алардын иши арам деп эсептелет. Редакция менен байланышсаңыз, сизге өз ишин билген адистин байланыш номерин жана дарегин берет. Ийгилик сизге!