Айыл өкмөтүндө депутат болгум келет
2018.08.09, 09:45
1118
Мен азыр 17и жаштамын, 2-курста окуйм. Айыл өкмөттө канча жаштан баштап депутат болсо болот?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
09.08.2018, 10:07
КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
Саламатсызбы, урматтуу суроо берүүчү! КРдын "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" мыйзамына ылайык:
- 21 жаш куракка толгон, тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин жергиликтүү жамаатынын мүчөсү жергиликтүү кеңештин депутаты болуп шайланууга укуктуу.
- Сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп табылган же эркиндигинен ажыратуу жайларында кармалып турган жарандар шайлоого жана шайланууга укугу жок.
- Соттуулугу алып салынбаган же мыйзамда белгиленген тартипте жоюлбаган адамдар жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына шайланууга укугу жок.
Ишиңизге ийгилик!
0
Пайдалуу жооп