Атамдын айынан мектепке барбайм
Быйыл 11-класс болом. Атам мектепте мугалим. Атам классташтарымдын жүрүм-турумдары тууралуу сөз сүйлөп коюптур. Анын айынан классташтарым менен катуу урушуп кеттим. Эми алар менен бир класста окуй албайм. Башка мектепке которулуп жатам. Бирок, жаңы классташтарым менен тил табыша аламбы же жокпу деп корком.
Рустам Исмаилов
Психолог
Урматтуу окурман, жаңы мектепке которулуу дайыма стресс, коркуу сезимдери менен коштолот. Сизди жакшы кабыл алышса дагы, белгилүү бир убакытка чейин жаңы жер сиз үчүн ыңгайсыз болот. Бирок бул нерсе өтүп кетет. Чоң адамдарда, анын ичинде ата-энеңизде дагы сиздикиндей кабатырлануу сезимдери бар. Баарыбыз белгисиздиктен коркобуз. Бул учурда позитивдүү ойлонуу жакшы жардам берет. Мени кабыл албай койсо эмне кылам дебестен, жаңы досторду тапканыңызды, жакшы окуп жатканыңызды элестетиңиз. Сизге ийгилик каалайм!