3 балалуулар пенсияга эрте чыгабы?
2018.07.11, 12:19
943
Кыргызстанда аялдар канча жашында пенсияга чыгат? Мисалы, менин апам 49 жашта, 3 баланын энеси, 20 жылдан ашык стажы бар мугалим. 3 же андан көп балалуу энелер эрте чыгат деген туурабы?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
11.07.2018, 12:20
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун маалымат кызматы
Урматтуу суроо берүүчү, Кыргызстанда аялдар 58 жашта пенсияга чыгат. Эгерде эмгек стажы 35 жыл болсо, анда 55 жашынан. 5тен ашык баласы бар, эмгек стажы 15 жыл болгон аялдардын пенсия курагы 53 жаш. Сурооңузга жооп бердик деп ишенебиз.
0
Пайдалуу жооп