Эрозияны убагында дарылабаса ракка алып келет. Гинеколог айтып берет
2018.05.28, 14:34
11485
Эрозиянын пайда болуу себептери, белгилери жана дарылоо жолдору тууралуу акушер –гинеколог Гүлзина Мадраимова айтып берет.
Эрозия- жатын моюнчасынын былжыры жаракатка кабылганда пайда болот. Бул илдет менен түрдүү курактагы айымдар жабыркашат. Жатын моюнчасынын эрозиясын убагында дарылабаса тукумсуздукка, андан өтүп ракка алып келет.
Пайда болуу себептери:
- Жыныстык катнаштын эрте башталышы
- Жыныстык катнаштагы өнөктөштөрдү бат-баттан алмаштыруу
- Жыныс инфекциялары
- Жыныс мүчөнүн сезгенүүсү ( хламидия, герпес, трихомониаз, уреаплазма ж.б)
- Төрөт, аборт, операция учурундагы жаракаттар
- Гормоналдык бузулуу.
Оорунун белгилери:
- Жыныстык катнашта оорутат
- Жатындан ириңдүү суюктук бөлүнүп чыгат
- Оору өрчүшүп кеткенде, жыныстык катнаш учурунда кан аралаш суюктук бөлүнүп чыгат.
Көп учурда жатын моюнчасынын эрозиясы медициналык текшерүүдө гана аныкталат.
Дарылоо жолдору:
Дарылоо пайда болгон себептерине, өлчөмүнө жана оорунун даражасына жараша жүргүзүлөт:
- Сезгенүүгө каршы терапия
- Химиялык криодеструкция
- Лазердик терапия
- Радио толкундуу хирургия.
Эң маанилүүсү профилактика: жылына бир жолу медициналык текшерүүдөн өтүп тургула!
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.