Ата боло албай каламбы?
2018.07.10, 02:41
515
Мени 3 жашымда сүннөткө отургузушкан. Уста чала алып коюп, кичине оорутканынан 3-классыма чейин вазелин, маздарды сүйкөп келгем. 3-классымда, дарыгерге алып барып кайрадан кестиришти. Азыр 10-классмын. Жыныс мүчөм кичинекей, 5см. Балалуу болгонго тоскоолдук кылбайбы? Ушуну ойлой берип, чүнчүп кеттим.
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
16.07.2018, 10:48
Нурлан Эгетаев
Уролог
Урматтуу окурман, жыныс мүчөнүн өлчөмү балалуу болууга эч кандай таасирин тийгизбейт. Эгерде 5-6 см болсо “микро пенис” деп диагноз коюлуп, дарыланат. Андан жогору болсо норма. Тукумсуздукка гипаспадия, аномалдык кемчиликтер таасир берет. Мен сизге дарыгерге текшерилүүнү сунуштайм. Жыныс мүчөнүн кандай абалда жана канча сантиметр экенин тактап текшерүү керек.
0
Пайдалуу жооп