Таарынычын кантип жазам?
Бир кыз менен сүйлөшчүмүн. Бир күнү эле мага таарынып калды. Эмнеге таарынганын билбейм. Үйүнө барып кымбат баалуу белектерди берип, кечирим сурасам да таарынычы жазылган жок. Ал кыздан башканы сүйбөйм. Эмне кылсам болот?
Айгүл Ысыкеева
Психолог
Урматтуу окурман, билесизби? Ар бир адамдын, үй-бүлөнүн өзүнүн эрежелери болот. Жөнөкөй эле мисал, бир үй-бүлөдө улууларга “сиз” деп сүйлөө шарт болсо, айрымдарында “сен” деп кайрылуу коркунучтуу эмес. Ошондой эле адамдын оорулуу темасы болот. Мүмкүн сиз байкабай кызга жүрөк оорутаарлык сөз айтып алдыңыз. Ал сөз сиз үчүн жөнөкөй эле катардагы сөз болушу мүмкүн. Айта берсе себептери көп. Менин сизге сунушум кыздын өзүн ачык сүйлөшүүгө чакыруу. Кээде жабык эшикти, ачылып калаар деген үмүт менен такылдата берүү дагы пайдасын алып келбейт.