Туугандарыма жиним келет
17 жаштамын. Акыркы күндөрү өзүмдү өзүм тааныбай жатам. Жиним менен үйдөгүлөргө жаман сөздөрдү айтып көңүлдөрүн оорутчу болдум. Менин байкашымча мен үйдөн эле ушундаймын. Досторум, классташтарым менен жүрсөм ачык шайыр кызга айланам. Эмне себептен мен мындай болуп калдым?
Айгүл Ысыкеева
Психолог
Урматтуу окурман, сиз азыр өспүрүм курактасыз. Бул учурда мындай көрүнүштөр көп болот. Досторуңуз менен сиз өзүңүздү эркин сезесиз, ортоңуздарда талаш тартыш жок. Мына ушул себептен ачык, шайыр болуп жүрөсүз. Ал эми үй-бүлөңүздө кандайдыр бир талаш-тартыш маселе бар. Эми үй-бүлө дегенде ата, апа, эже, байке, ини, сиңди дегендер болот. Сиздин пикириниз кимиси менен келишпей жатат? Эгер апаңыз менен тил табыша албай жатсаңыз ачык сүйлөшүүгө чакырыңыз. Апа сиз мага көп тыюу саласыз, же мага жакпаган жумуштарды кылдыртасыз жана башка. Мумкүн апаңыз сизге кату көзөмөл кылат. Көзөмөл болсо сизге жакпайт. Сизге сунушум: Эмнени каалап жатканыңызды ата-энеңизге түз жеткириңиз, алар сизди түшүнөт. Болгону алар чарчабай, ачууланбай турганда жай түшүндүрүңүз.