Кантип тез ажырашсам болот?
2015-жылы жолдошум жаңы төрөлгөн кызым экөөбүздү төркүнүмө калтырып, Россияга кеткен. Ал жактан иштегиси келбей кайра келди. Буга чейин көп жолу ажырашып, жарашканбыз. Кыргызстанга келгенде жашабайм деп айттым. Аркабыздан келген жок. Быйыл чогуу жашабаганыбызга 3.5 жыл болот. Нике күбөлүгүбүз бар, расмий түрдө ажыраша элекпиз. Эми сотко кайрылсам тез эле ажыраштырабы жана аталык укуктан ажырата аламбы? Кандай жолдору бар, каякка кайрылам?
Назира Абдумуминова
Юрист
Ажырашуу арызы менен сотко кайрылыңыз. Эгерде күйөөңүз келбесе, бир-эки жолу процессти жылдырат дагы, кийин анын катышуусу жок эле ажыраштырып коет. Аталык укугунан ажыратуу кыйынга турат. Кызыңызды тарбиялоодо катышпаганын, алимент төлөбөгөнүн тастыктап беришиңиз керек. Ажырашып жатканда, алимент өндүрүп алыңыз. Эгерде төлөп бербесе, аталык укугунан ажыратуу маселесин көтөрүңүз.