// //

Гинекологго барууга даярдык

2018.05.21, 16:22
3116

Жылына бир-эки жолу гинекологдун көзөмөлүнөн өтүп койсоңуз өзүңүзгө жакшы. Бирок көпчүлүк кыз-келиндер гинекологго кайрылуудан коркушат. Акушер-гинеколог Гүлзина Мадраимова дарыгердин алдындагы ыңгайсыздыктан арылып, жетиштүү консультация алып кетүү үчүн төмөнкүлөрдү билүү маанилүү дейт:

  • Тандоо. Гинекологиялык текшерүүдөн өтүү үчүн биринчи кезекте дарыгерди жана бейтапкананы тандаңыз.
  • Психология. Текшерүү алдында өзүңүздү психологиялык жактан даярдап алыңыз. Биринчи жолу келген кызда уялуу, тартынуу жана коркуу сезими болот. Мындай учурда ооруга туура диагноз коюу кыйынга турат.
  • Тазалануу. Кыздар дайыма таза, тыкан болуп жүрүшү керек. Андыктан текшерүү алдында мончого түшүп алуу ашыктык кылбайт.
  • Тартынбоо. Дарыгерден коркуп, тартынып ооруну же жыныстык жашоону жашыруунун кереги жок.
  • Билип алуу. Гинекологдун алдында этек кир биринчи жолу жана акыркы жолу качан келгендигин, циклдин узактыгын, жыныстык жашоонун башталышын так билиңиз. Эгерде бул текшерилүүгө чейин башка гинекологдун койгон диагнозу бар болсо, өзүңүз менен кошо алып алыңыз.
  • Керектүү буюмдар. Жаныңызда отургучка салганга пленка, дарыгер үчүн кол кап болсун. Кээ бир ооруканада булар бекер берилет.
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт