// //

18 жашка чейин нике – кылмыш!

2018.05.18, 12:35
3763

Жашы жете элек “жубай”– бул эч качан мүмкүнчүлүктөрү ишке ашпай турган жаш кыз. Он жети жашка толо элек адамды иш жүзүндө никелик мамилелерге өтүүгө мажбурлоо мыйзамдарга ылайык жоопкерчиликке тартылат.

18 жашка чейинки курактагы нике:

  • Кызды балалыктан ажыратат.
  • Кыздын өмүрүнө жана ден-соолугуна коркунуч алып келет.
  • Болочок балдардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч жаратат.
  • Кызга билим алуу мүмкүнчүлүгүн бербейт.
  • Кызды күйөөсү жана анын туугандары тарабынан зомбулук тобокелине туш кылат.
  • Көп учурда ажырашуу менен аяктайт.
  • Жакырчылыкка алып келет.

18 жашка чейинки кызды күйөөгө берип жатса, кимге жана кайда кайрылуу керек?

  • Ишеним телефонуна: 111, 112 номери акысыз жана күнү-түнү иштейт.
  • Мектепке: мугалимге, социалдык педагогго, психологго, директорго, орун басарына.
  • Укук коргоо органдарына: нөөмөт бөлүмүнө, ИДНге, милициянын аймактык инспекторуна (МУИ)

Он жети жашка толо элек адамды никеге мажбурлагандар кандай жаза алат:

  • Ата-энелери же аларды алмаштыруучу адамдар, никеге туруу боюнча диний каада жасаган адам, нике кыйдырып жаткан жашы жеткен адам – 3 жылдан 5 жылга чейин эркиндигинен ажыратылат.
  • Он жети жашка толо элек адамды иш жүзүндө никелик мамилелерге өтүүгө мажбурлоо – 100-500гө чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндөгү айыпка же болбосо 2 жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же болбосо 5 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигин чектөөгө жазаланат.
  • Он жети жашка толо элек кызды ала качкан адамдар – 5-10 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратылат.
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт