Бел суум бат түшөт
Аялым менен кошулганда бел суум 1 мүнөткө жетпей, эрте түшүп калат. Урологго анализ таршырсам, герпес вирусу бар деп чыкты. Дары жазгандын пайдасы болбоду. Кантип көпкө чейн кошулса болот.
Мирлан Айбашов
Уролог-андролог
Жыныстык катнашка барганда бел суусун бат бүтүрүп коюу-мезгилсиз эякуляция деген оору. Эки түрү бар. Биринчиси туубаса эякуляция-жыныс мүчөсүнүн астындагы уздечка кыска болгондо уруктук бат түшөт. Бул учурда уздечка операция жолу менен кесилип, узартылат. Экинчиси эректирдик дисфункциядан, туубаса простатит, гипертериоздон улам кийин пайда болот. Эгерде бул ооруларды дарыласа, айгып кетет. Сиз андрологго кайрылып текшерилиңиз.Өз алдынча физикалык көнүүгүүлөрдү жасап, көп кыймылдап, муздак жерге олтурбай, оор көтөрүүдөн алыс болуңуз. Убагында уктап, эс алыңыз.