Албарсты тажатты
2018.06.08, 20:52
5253
16 жаштамын. Мени басырык көп басат. Эмне кылсам болот?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
09.06.2018, 15:30
Нурлан Субанов
Теолог, “Адеп башаты” фондунун мүдүрү
Ооба, динде албарсты деген түшүнүк бар. Болгону аны мусулманчылыкта кара басты деп коет. Ал уктап жатканда келип тамагыңызды кысат, кыйнайт. Анан уктай албай кыйналып, ойгонуп кетесиз. Кара баскан адамдын ордуна же жанына жаткан адамды дагы басат деген нерсе жок. Болгону уктоочу жер таза болушу керек. Алдын ала нандын күкүмдөрүнөн тазалап, шыпырып коюу зарыл. Жаман түштөрдөн, кара басуудан сактануу үчүн жатаарда аятул курси, ихлас, фалак, наас сүрөөлөрүн үч жолудан окуп, өзүңүздөргө дем салым жатыңыздар.
0
Пайдалуу жооп