// //

Кимдер орозо кармабаса болот?

2018.05.15, 15:01
6699

Мусулмандар көптөн күткөн орозо айы жакындап калды. Бул жылы ыйык Рамазан айы 17-майда баштала турган болду. Кимдер орозо кармабаса болот суроосуна, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасынын Фатва бөлүмүнүн адиси Бактияр Токтогазы уулу жооп берди:

Орозодон төмөнкү 5 адам кутула алат:

  1. Кош бойлуулар жана бала эмизгендер. Орозо кармоо аялдын өзүнө жана баласына зыян алып келбеши керек. Эгер “орозо кармайм, ден-соолугума коркунуч туудурбайт” десе уруксат берилет.
  1. Жолоочу. Рамазан айында эң аз дегенде 85-90 чакырым алыстыкка чыккан адам орозого ниет кылбаса болот. Тактап айтканда бул адам ошол сапарга чыккан күндүн орозосун кармаган жок деп эсептелет. Эгер сапарга чыгаарын билбей оозун бекитип алса, аны бузбоо керек, болбосо казасын кармайт. Эгерде сапар кыйынчылык туудурбай турган болсо, анда кармоого мүмкүн.
  1. Оорукчан адам. Орозо сыркоолуу адамдын ден-соолугуна кандайдыр бир коркунучтарды алып келсе кармабай коюуга уруксат. Кийин ден-соолугу калыбына келгенде орозосун толуктап берет. Бул жерден дарыгердин пикирин дагы эске алуу керек. Мисалы, “бат-баттан тамактанып тур, көп убакыт ачка жүрүү зыянын тийгизет” десе, анда болбойт.
  1. Кары-картаңдар. Орозо кармоого чамасы келбеген карыларга орозо кармабай коюуга уруксат берилет. Аларга орозонун казасын кармоо дагы шарт эмес. Болгону алар күнүнө же отуз күндүкүн бир кылып, муктаж адамдын курсагын тойгузат.
  1. Менструалдык цикл. Аялзаты Рамазанда күндүзү этек кир көрө баштаса же бала төрөсө, орозосу өздүгүнөн бузулган болуп эсептелет. Мындай абалда орозо кармоо туура эмес. Рамазанда этек кир көргөн аял, түндөсү этек кири токтосо, эртеси орозосун улантып кетиши керек. Эгерде этек кири токтоп, гусул алган соң дароо ооз бекитүү убактысы кирип калса, ал күнү орозо кармабайт.
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт