"Кыз төрөйсүң" деп капа кылышат
Күйөм жана анын туугандары “кыз төрөй бересиң” деп мени капа кылышат. Канткенде эркек бала төрөй алам?
Гүлзина Мадраимова
Гинеколог
Баланын уул же кыз болоору атасынан көз каранды. Себеби ген аркылуу алып караганда аял кишиде ХХ, эркекте ХУ деген хромосома бар. Эгерде эркек аялга Хти берсе ХХ болуп кыз, Ути берсе ХУ болуп уул төрөлөт. Болочок баланын жынысын билүү үчүн окумуштуулар көп изилдөөлөрдү жасап келишет. Учурда бир канча методдор болгону менен бирөөсү дагы 100 пайыз кепилдик бере албайт. “Кыз төрөдүң” деп аялды күнөөлөгөн туура эмес, баары табигаттан болот. Азыркы заманда, баланын жынысына маани бербей, 12 мүчөсү аман болуп төрөлүшүн тилеңиздер. Дагы бир ирет айта кетейин баланын жынысы эркектин хромасомасы менен аныкталат.