Кош бойлуу болуудан корком
Жигитим менен жыныстык катнашка барганда, ал дайыма тоскоол болот деп презерватив колдонуудан баш тартат. Мен оору жугузуп алуудан жана кош бойлуу болуп калуудан корком. Эмне кылсам болот?
Илья Комаровер
Сексолог
Эгерде сиздин өнөктөшүңүз өзүн гана ойлогон адам болсо, албетте презерватив ага тоскоол болот. Жакшылап ойлонуп көрүңүз, сиздин ден-соолугуңузга кайдыгер караган адам сизге керекпи? Эркек киши ар дайым сүйүктүүсүнө кам көрүшү зарыл. Эгер сиздин жигитиңиз өз милдетин аткарууга өсүп жетиле элек болсо, кошуулуудан баш тартып турганыңыз оң болот. Сиздин кош бойлуу болуп жана оору жуктуруп алуу мүмкүнчүлүгүңүз бир заматта болчу иш. Өзүңүздү тобокелге салбастан, дарыгерге көрүнүп анализ тапшырыңыз. Ошондой эле жигитиңиз дагы сиз менен чогуу барганы жакшы болот. Мүмкүн сиз анын жалгызы эместирсиз.