Телефонго азгырылып кеттим
Досторум менен мамилем жакшы эмес. Телефонго азгырылып кеткенмин. Кандай кылсам болот?
Тынчтык Бакытов
Психолог
Биринчиден, телефонго азгырылганыңызды байкаганыңыз абдан жакшы.
Бул көйгөйдү чечиш үчүн сизге суроо:
- Күнүнө канча саат колдоносуз?
- Телефон аркылуу кандай иштерди бүтүрөсүз?
- Социалдык тармактарды колдоносузбу же жөн гана сүйлөшөсүзбү?
Ар бир адам жашоосунда катачылыктарды кетирет, бирок аларды оңдоп кетүү өз колунда. Сиз азыркы учурда студентсизби же окуучусузбу? Окуучу болсоңуз сизди келечекте жогорку окуу жай, жаңы достор, башкача жашоо күтүп турат, андыктан эрктүү болуп телефонду ашыкча колдонгондон баш тартыңыз. Досторуңуз менен мамилени телефон аркылуу түзсөңүз эмнеге болбосун? Күнүнө 2-3 саат колдонуп калган убактыңызды сабакка жумшасаңыз, ошол эле учурда сабактарды телефон аркылуу дагы кызыктуураак аткарсаңыз болот. Болгону сизге эрктүүлүк керек.
Телефонду көп колдонуунун бир нече терс таасирлери бар:
- Көздүн кургашына алып келет;
- Уйку бузулуп, түн ичинде уктай албай калышы мүмкүн;
- Баш жана арканын оорусуна алып келет;
- Көңүлдүн бузулушуна жана концентрациянын жоктугуна ж. б.