Табарсыгымдын оң тарабы ооруйт
2018.05.15, 16:18
902
19 жаштамын. Турмушка чыкканыма 2 ай болду. Биринчи жолу жыныстык катнашка барганда 2 жума кыйналасың дешкен. Бирок мен азыркы убакытка чейин кыйналам, табарсыгымдын оң тарабы ооруйт. Бул эмнеден болушу мүмкүн?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
16.05.2018, 12:21
Гүлзина Мадраимова
Акушер-гинеколог
Кымбаттуум, турмушка чыгаардан мурун жана кийин сөзсүз түрдө дарыгерге барып көрүнүп туруу керек. Айткандарыңа караганда болжол менен кандайдыр бир жыныстык жактан сезгенүү башталган. Оорунун белгилери сеникиндей болуп оорутуп турат. Андыктан гинекологго барып, анализдериңди тапшыр. Ошого жараша бир сыйра дарылануу курсунан өтөсүң. Убагында кайрылсаң, бат эле сакайып кетесиң.
0
Пайдалуу жооп