Мен аябай унутчаакмын
Мен аябай унутчаакмын. Жүрөгүм дагы бат-баттан кысылып, чарчай берем. Богогум бар. Эмне кылсам болот?
Чынара Балтабаева
Терапевт
Урматтуу суроо берүүчү, унутчаактыгыңыздын бирден-бир себеби сиз айтып жаткан богок оорусу. Ошондой эле эс тутум начарлоо- аз кандуулуктун белгилери. Учурда Кыргызстан жаштарынын көбү аз кандуулук-анемия оорусу менен оорушат. Себептери абдан көп. Мисалы көп балалуу энелерден балдарына өтөт. Жетиштүү тамактанбагандыктан, кыздарда салмактан арылуу үчүн кармаган диетадан улам пайда болот. Ошондой эле сиздеги богок оорусунан, калкан бездериңиздеги көйгөйдөн улам дагы унутчаак болушуңуз мүмкүн. Андыктан бейтапканага барып, дарыгерге кайрылыңыз. Каныңыздын анализдерин тапшырып, калкан безиңизди текшертип дарылануу курсунан өтөсүз. Жаш экенсиз, ден-соолугуңузду бат эле калыбына келтирип аласыз.