Ичимдеги курттардан кантип арылам?
Адамдын ичиндеги курттардан кантип арылса болот?
Гулнара Бейшеналиева
Терапевт
Урматтуу суроо берүүчү, сиз ичтеги кандай курттар туралуу толук маалымат бербеген экенсиз. Курттардын дагы түрү болот. Дарылануу ошого карата жүргүзүлөт. Адамдин ичине курттар булганган тамак-аш, кир суу, кол жана башкалар аркылуу кирет. Эгерде алар ичеги карынга өтүп кетсе ичке ичегиге жабышып мителик кылып көбөйөт. Сиз сөзсүз анализдериңизди алып дарыгерге барыңыз. Сизди бир ирээт толук текшерип, анан дарылоо курсун жазып берет. Өөрчүтүп албаңыз. Диетага олтуруп, жашылча-жемиш, кайнатылган тамак-аш колдонуңуз. Ооруну убагында дарылаш керек. Сөзсүз түрдө гигиенаны сактаңыз. Бул абдан маанилүү. Эгерде улам создуктуруп жүрө берсеңиз, өтүшүп кетип, хирургиялык операция жасоого мажбур болосуз.