Жыныс мүчөнү кантип чоңойтсо болот?
Эркек жыныс мүчөсүн кантип чоңойтсо болот?
Гүлзина Мадраимова
Гинеколог
Биринчиден, эркектин жыныс мүчөсүнүн чоң же кичинекей болушу балалуу болууга жана жыныстык катнашка эч кандай тиешеси жок. Дүүлүккөндөгү орточо өлчөмү 12-13 см болсо нормалдуу, мындан кичинеси аз кездешет. Интернеттен сиздерге көптөгөн чоңойтуу жолдорун сунуш кылышы мүмкүн. Бирок бирөөсү дагы эч кандай кепилдик бере албайт. Болгону ал ыкмаларды колдонгондон кийин көптөгөн зыянга учурайсыңар. Жаракат, зараа кылууда кыйналуу, инфекция сыяктуу себептер болсо, операция, таблетка, крем, массаж, насос жана атайын көнүгүүлөрдү жасоо сыяктуу жолдор сунушталат. Атайын изилдөөлөргө таянсак аялдардын 85 пайызы бул суроого кызыкпай тургандыгы билинген.