14 жашта жыныстык катнашка барса болобу?
Сүйлөшкөн кызым экөөбүз 14 жаштабыз. Жыныстык катнашка барсак болобу?
Гүльзина Мадраимова
Гинеколог
Кымбаттуум, 14 жашта жыныстык катнашка барууга болбойт. Силер өспүрүм курактасыңар. Азыртадан жыныстык катнашка бара баштасаңар бир топ кыйынчылыктарга учурайсыңар. Биринчиден, азыр көп нерсени түшүнө элексинер, экинчиден маалыматты жакшы билсеңер дагы, кокустан кыздын боюнда болуп калса анын баланы көтөрүп, төрөй турган мүмкүнчүлүгү жок. Экөөң тең ата-энеңерге экономикалык жаткан көз карандысыңар. Түшүнүп турам, чоң жашоо менен жашагыңар келип жатат. Бирок бул нерсе силер үчүн азырынча абдан коркунучтуу. Жетелешип, бири-бириңерге жакшы мамиле кылып, келечекке максат коюп, ал жөнүндө кыялданып жүрсөңөр болду. Кыз-жигит болгондо, милдеттүү түрдө жыныстык катнашка баруу керек деген нерсе жок.