// //

Базардагы бет майдын пайдасы

2018.01.18, 16:45
2497

Ар ким жүзүнө кам көрүүнү өз билгенине жараша жүргүзөт. Ошондой эле бетке кам көрүүнүн ыкмалары, ага колдонулуучу косметикалары да ар кандай.

Сулуулукка кам көрүү жана туура косметикалык каражаттарды тандоо боюнча келип түшкөн суроолорго, дарыгер, косметолог Айнура Сагынбаева жооп берди. 

 Косметикалык каражаттарды базардан сатып алса болобу?

Европалык стандарттар боюнча косметикалык каражаттарды атайын дүкөндөрдөн, дарыканалардан алуу керек. Себеби базарларда туруктуу температура болбогондуктан, каражаттардын сактоо режими бузулуп калышы ыктымал. Алардын пайдасынан зыяны арбын болот. 

 Беттеги кара чекиттерден кантип арылса болот?

Майлуу, ширин, жана ачуу тамактарды ашыкча колдонуудан, горманалдык системанын бузулуусунан, туура эмес косметикалык каражаттарды пайдалануудан улам көрнөчөлөр (поры) ачылып, аларга майлар толуп, кара чекиттер пайда болот. Кара чекиттен арылуу үчүн косметологго тазалоого барып туруш керек жана кайра толуп калбаш үчүн атайын косметикалык каражаттарды колдонуу зарыл.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт