Кызыл аттестат алсам жеңилдиктер болобу?
2018.05.11, 09:53
1574
Мен мектептен кызыл аттестатка көрсөтүлгөм. Аны тастыктоо үчүн алтын тамга тестин тапшыруу керек экен. Эгер тестирлөөдөн жалаң " 5 " алсам, кызыл аттестат алам. Кызыл аттестат алгандардын жалпы республикалык тесттине 20 упай кошулуп берилет экен. Ушул аныкпы?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
11.05.2018, 09:54
Гульмира Кудайбердиева
Билим берүү жана илим министри
Урматтуу окуучу, бул жалган маалымат. Артыкчылык аттестаты менен бүткөн окуучулардын ЖРТ тестине эч кандай кошумча упай кошулуп берилбейт. Тескерисинче, биз аларга ЖРТдан мынча упайдан жогору упай алышы керек деген талап коюну карап жатабыз. Андыктан сизге ЖРТга жакшылап даярданыңыз демекчимин.
0
Пайдалуу жооп