Телефонго болгон көз карандуулуктан арылуу жолу
Менин жашым 17 де. Мен күндөн-күнгө телефонго көз каранды болуп баштадым, керек болсо түнкү саат 2-3 чейин интернетте отурам. Бул көйгөйдөн кантип арылсам болот?
Тынчтык Бакытов
психолог
Биринчиден телефонго көз каранды болгонуңузду байкаганыңыз абдан маанилүү.
Бул көйгөйдү чечиш үчүн сизге суроо:
- Күнүнө канча саат колдоносуз?
- Телефон аркылуу кандай иштерди бүтүрөсүз?
- Социалдык тармактарды колдоносузбу же жөн гана сүйлөшөсүзбү?
Ар бир адам жашоосунда катачылыктарды кетирет, бирок аларды оңдоп кетүү өзүнүн колунда. Сизди келечекте Жогорку окуу жай, жаңы достор, башкача жашоо күтүп турат, андыктан эрктүү болуп телефонду ашыкча колдонгондон баш тартыңыз. Азыркы учурда сиз мектеп окуучусу болгондуктан сабакка көбүрөөк көңүл буруш үчүн телефон колдонуу убактыңызды чектеп коёт. Ал эми билимди жакшы албасаңыз келечекти көрүү оор болот. Күнүнө 2-3 саат колдонуп калган убактыңызды сабакка жумшасаңыз, ошол эле учурда сабактарды телефон аркылуу дагы кызыктуураак аткарсаңыз эмнеге болбосун?
Телефонду көп колдонуунун бир нече терс таасирлери бар:
- Көздүн кургашына алып келет;
- Уйку бузулуп, түн ичинде уктай албай калышы мүмкүн;
- Баш жана арканын оорусуна алып келет;
- Көңүлдүн бузулушуна жана концентрациянын жоктугуна ж. б.