Күчаланын пайдасы жана зыяны
Күчала тууралуу айтып бере аласыздарбы? Пайдасы жана зыяны барбы?
Гүлсана Бапаева
терапевт
Күчала — чилибуха деген өсүмдүктүн мөмөсү, седеп топчу сыяктуу ак даны бар көп жылдык уулу өсүмдүк. Орто Азия элдеринде дары жана уу катары байыртадан бери кеңири колдонулуп келген. Кыргыз дарыгерлери күчаланы сууга кайнатып, кымызга, бозого ачытып, узак оорудан күч-кубаты начарлагандарга, эски ооруларды дарылоого жана жалпы эле көңүл көтөрүү үчүн пайдаланышкан. "Манас" эпосунда күчаланы күчтүү ачыткы, күчүн жогорулатуу максатында колдонулганы баяндалат. Аңчылыкта карышкыр, түлкү жана башка жаныбарларды ууктуруу үчүн да колдонулган.
Мындан сырткары мөмөсү сексуалдык жактан начар болуп калган учурда, урологиялык ооруларда, нерв оруларында жана кант диабетинде колдонулат. Эгер сиз дени сак адам болсоңуз колдонуп эмне кыласыз?