// //

21 жашымда көзүмдүн тегереги майда бырышка толду

2018.05.07, 15:33
792

Жашым 21 де. Бетим аябай кургак болгондуктан көзүмдүн айланасына бырыш түшө баштады. Бырышты кетирүүчү көздүн тергерегине арналган кремдерди сүйкөйм жана күндө тоналдык кремдерди колдоном. Менин курагымда бырышка арналган кремдерди колдоно берсем болобу?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
07.05.2018, 15:40

Надира Бейшеева

косметолог

Кургак бетке арналган атайын косметикалык каражаттарды колдонуңуз жана көп суу ичиңиз. Бетиңизди эч качан самын менен жуубаңыз, самын бетти кургатканга эң чоң көмөкчү. Бетти майландырып туруучу бет майларды колдонуңуз.  Ал эми көзүңүздүн тегерегине сүйкөп жаткан крем сиздин жаш куракка туура келсе сүйкөй берсеңиз болот. Тоналдык бет майды дагы ушул эле шарт менен колдонсоңуз мүмкүн. Эгер бет майларды тандоону билбей жатсаңыз косметологго кайрылыңыз. 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт